Марал Радиосу

Ноокаттагы «Улуу-Тоо» кенине караштуу 381 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан Ноокаттын Көк-Жар айылында жайгашкан «Улуу-Тоо» кенине караштуу 381,74 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтомунун негизинде, Найман айылдык аймагында (учурда Көк-Жар) жайгашкан «Улуу-Тоо» кенине караштуу жер пайдалуу кен-байлыктары (сымап) менен бирге Р.У.Т. аттуу компанияга өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан пайдалуу кен-байлыктарды камтыган жер тилкеси 1 миллиард 246 миллион 560 миң сомго бааланып, мамлекеттин балансына кайтарылды.