Кыргызгидромет билдиргендей, 30-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн Ысык-Көлдүн батыш акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн + 3… + 8, күндүз + 19 … +24,
Талас облусу түнкүсүн +2… + 7, күндүз + 17 … +22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9… + 14, күндүз +23 … +28,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +2… + 7, күндүз +15 … +20,
Нарын облусу түнкүсүн +1… + 6, күндүз +15 … +20.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +22…+24 градус болот.