Марал Радиосу

Жумгалда мал кайтарып жүрүп жоголгон эки киши изделүүдө

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылынын эки тургуну дайынсыз болуп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 45 жаштагы К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундар мал кайтарууга жайлоого кетип,  16-октябрдан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 20-октябрь күнү министрликикке билдирилген.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 20-октябрда ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60 адам, жалпы 83 адам тартылып, издөө жумуштарын аткарып, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 21-октябрда жалпы 12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 65 адам жалпы 107 адам тартылды.