Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жарым марафон өтөт жана бир катар көчө жабылат

Кыска кабар , Спорт | 26 Сен 2024 | 121 | 0

Бишкекте 29-сентябрь күнү «Snow Leopard Run-2024» бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашкандай, иш-чара «Ала-Тоо» аянтында 4500 адамдын катышуусунда башталат.

Жарыш 5 чакырым, 14 чакырым, 21,1 чакырым аралыктарды, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыйт.

Жарым марафон борбордук көчөлөр аркылуу өтөт. Буга байланыштуу эртең мененки саат 6:00дөн баштап бир катар жол жабылат:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
— Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
— Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин.
— Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Иш-чараны мэриянын колдоосу менен Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM