Марал Радиосу

Чүйдө кастык тилине каршы күрөшүү боюнча Жол картасы талкууланды

21-сентябрда эл аралык Тынчтык күнүнө карата Борбор Азиядагы медиаконсалтингди өнүктүрүү фонду Чүй облусунун коомдук-консультативдик кеңештеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн Бишкекте «Кастык тилине каршы тынчтык коммуникациялары» аттуу семинар уюштурду.

Семинардын максаты – Кыргызстандагы онлайн мейкиндикте кастык тилин жана жалган маалыматты жайылтууга каршы тиешелүү куралдарды иштеп чыгуу жана семинар катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу.

Семинарда БУУ жана ЮНЕСКОнун кастык тилине жана жалган маалыматка каршы туруу, зомбулуксуз коммуникацияны жана мээрим тилин илгерилетүү боюнча колдонмо принциптери жана сунуштары көрсөтүлүп, кастык тилин таануу жана чыр-чатактардын, дискриминациянын алдын алуу ыкмалары сунушталды. Ошондой эле социалдык тармактарда кастык тилинин эң актуалдуу көйгөйлөрү, алардын терс кесепеттери, зомбулуксуз жана тынчтык коммуникация практикасы талкууланды. Иш-чаранын соңунда, катышуучулар фокус-топтук талкууда кастык тилине каршы күрөшүү боюнча Жол картасын иштеп чыгууга карата өз көз караштары жана идеялары менен бөлүштү. Бул жол картасы жергиликтүү жамааттардын, мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайларынын, жеке сектордун, ЖМКнын жана жарандык коомдун деңгээлинде ишке ашат.

Катышуучулар Кыргызстанда кастык тилинин жайылышы өтө жогорку жана кооптуу деңгээлге жеткенин белгилешти. Анын көрүнүштөрүнө социалдык тармактардын катардагы колдонуучулары эле эмес, бийлик өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер да жол берип жатканы айтылды. Онлайн-жааттагы жек көрүүнүн жогорку деңгээли реалдуу жашоодо зомбулуктун пайда болуу коркунучун түздөн-түз күчөтүп жатат. «Медиа жана маалыматтык сабаттуулукту бардык деңгээлдерде жана бардык курактагылар үчүн, балдар бакчаларынан баштап киргизүү керек. Биздин ар бирибиз кастык тили жана анын кесепеттери, ошондой эле ага каршы күрөшүү ыкмалары боюнча билимдерибизди жогорулатууга муктажбыз», — деп катышуучулар талкууда белгилешти.

Т-Медианын журналисти Максат Боромбаев өз таасирлери менен бөлүштү: «Биз кастык тилинин кооптуу кесепеттерин жана анын колдонулушун кантип болтурбоо керектигин жакшыраак түшүндүк. Семинардын форматы ар кандай тараптардын катышуусун камсыз кылып, чечимдерди ар кандай деңгээлдерде – жергиликтүү бийлик, билим берүү тармагы, ЖМК жана коомдук уюмдардын деңгээлинде – иштеп чыгууда эффективдүү болду”.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалымат саясаты башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева биргелешкен мамиле менен жарандарды, өзгөчө аялуу топторду, кастык тилинен келтирилген зыяндан коргой турган натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт, ошол эле учурда конституциялык сөз эркиндиги укугун бузбаш керек деп билдирет. «Мен конструктивдүү диалог жана эксперттик пикир алмашуу биздин коомдо социалдык биримдикти, маданияттар аралык диалогду жана толеранттуулукту чыңдоонун оптималдуу жолдорун табууга мүмкүндүк берет деп ишенем”.

Кыргыз Республикасынын Маданият,  маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында түзүлүп жаткан Маалымат мейкиндигин изилдөө борборунун алкагында семинарда эксперттер жана долбоордун Көп тараптуу консультативдик кеңешинин мүчөлөрү тарабынан Рабат планынын 6 бөлүктөн турган тестинин негизинде кастык тилин аныктоо методологиясын биргелешип иштеп чыгуу боюнча иш алып баруу сунушталды. Рабат планынын сунуштамалары жарандардын сын айтуу жана сөз эркиндиги боюнча мыйзамдуу укуктарын коргоого өбөлгө түзөт, алар тыюу салынган жек көрүү тилинин көрүнүшү катары бааланбайт.

ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы улуттук офицери Аида Бекташева: “Өнөктөштөр менен биргеликте кастык тилине каршы күрөшүү боюнча Жол картасын иштеп чыгуу улуттук деңгээлде аракеттерди координациялоого жана натыйжалуу жооп кайтарууга шарт түзөт. ЮНЕСКО глобалдык жана улуттук деңгээлде сөз эркиндигин жана жек көрүү тилин алдын алууну колдогон саясаттарды жана сунуштарды активдүү алдыга жылдырууда”, — деп белгиледи өз сөзүндө.

Кыргызстандагы диний диалогдун тынчтык практикаларын сунуштаган Ислам фондунун төрагасы Денис Пышкин: «Эч качан бир диндин өкүлү башка динди басмырлоо же четке кагуу аркылуу өз динин жогору койбошу керек. Бул Кыргызстандагы көп диндүүлүктү эске алганда, абдан коркунучтуу болгон чыр-чатактарды жаратат. Биз жакшы коңшулукта жашаганга көнгөнбүз жана мындай практикаларды мындан ары да өнүктүрүшүбүз керек», — деп өзгөчө баса белгилеп кетти.

Долбоордун жетекчиси Эльмира Токтогулова семинар 21-сентябрда, Эл аралык тынчтык күнүндө өткөрүлгөнүн баса белгилеп, коомдогу тынчтык менен ынтымактын канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу эске салды: «Биздин өлкө өзүнүн иденттүүлүгүн жана баалуулуктарын издеп жаткан мезгилден өтүп жатат, жана бул издөөдө тынчтык менен биримдикти сактоо, коомдо жек көрүүнү козутуу очокторуна системалуу түрдө каршы туруу абдан маанилүү».

Долбоордун негизги ыкмаларынын бири – бул кастык тилине каршы күрөшүү боюнча Жол картасын талкуулоо жана биргелешип иштеп чыгуу үчүн кызыкдар жана жооптуу тараптардын баарын биргелештирүү. Бул максатта Борбор Азиядагы медиаконсалтингди өнүктүрүү фонду мамлекеттик органдардын, коомдук-консультативдик кеңештердин, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн, ЖМКнын жана жеке сектордун өкүлдөрү кирген Көп тараптуу консультативдик кеңешти түздү.

Семинар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өнөктөштүгүндө БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылоосу астында ЮНЕСКО менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы биргелешип ишке ашырып жаткан «Тынчтыкты орнотуу үчүн улуттук өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун потенциалын чыңдоо» долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоорду аткаруучу  уюм — Борбордук Азиядагы медиаконсалтингди өнүктүрүү фонду, ал Көп тараптуу консультативдик кеңештин катышуусу менен ишке ашырылууда.