Марал Радиосу

Жээналы Орозбаев Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды

Жээналы Орозбаев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдирди.

Ал буга чейин аталган кызматтын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Буга чейинки Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалгандыгына байланыштуу кызматтан бошотулган.

Гүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болуп дайындалды