Марал Радиосу

Израилдин Ливанга урган соккусунан 500дөй киши набыт болду

Ливандын саламаттык сактоо министрлиги Израилдин 23-сентябрда урган соккуларынан кеминде 492 киши, анын ичинде 35 бала набыт болгонун билдирди. Бул тууралуу BBC орус кызматы жазды.

Мындан тышкары, 1600дөн ашык адам жараат алган. Каза болгондордун канчасы «Хезболла» жоочулар тобунун мүчөсү, канчасы жайкын тургундар экени белгисиз.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, бул 1975-1990-жылдардагы жарандык согуш аяктагандан берки эң жогорку өлүм көрсөткүчү.

23-сентябрда Израил армиясы Ливандын түштүгүндө, Бекаа өрөөнүнүн чыгышында жана Сирияга жакын түндүк чөлкөмдө жаңжал башталгандан берки «Хезболлага» каршы эң ири сокку урду. Израилдин армиясы акыркы 24 саатта Ливандагы Хезболланын 1300 бутасына сокку урганын билдирди.

Бул окуя 2023-жылы Газада кармаш башталып, Израил менен Ливандын чек арасында абал курчуй баштагандан берки эң ири чабуул болду. 22-сентябрда Израил Ливандын түштүгүндө курал-жарак сакталган жерлерден алыс кетүүгө, ал жакта жашагандарды эвакуация болууга чакырып, Иран колдогон, Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган ливандык топ «Хезболлага» каршы «масштабдуу сокку» уруларын эскерткен.

Өткөн аптада Ливанда миңдеген пейджер жана рация жарылып, кеминде 37 киши каза болуп, миңдеген адам жарадар болгон. «Хезболла» чабуул үчүн Израилди айыптап, ал окуяга тиешеси бар экенин ачык моюнга алган эмес. Бул масштабдуу операция кандайча жүргүзүлгөнү азырынча толук ачыктала элек.