Марал Радиосу

Президент Нью-Йорк шаарына барды

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барды.

Сапар алкагында Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат.

Мамлекет башчынын учагы Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду.

Эскерте кетсек, 22-сентябрда президент Келечек Саммитинин ишине катышат, анын алкагында “Келечек пактынын” жыйынтыктоочу документи кабыл алынат.

24-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу болот.