Марал Радиосу

Улуттук банк валюта базарынан 22,5 млн доллар сатып алды

Улуттук банк интервенция жүргүзүп валюта базарынан 22,5 миллион доллар сатып алды. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Буга чейин Улуттук банк 26-июлда валюта базарынан 48,1 миллион доллар сатып алган. Ал эми август айында эки жолу доллар саткан.

2024-жылдын башынан бери 17 жолу валюталык интервенция жүргүзүлгөн.

Акыркы суткада доллар менен орус рублинин сомго карата расмий курсу төмөндөдү. Евро менен юань кымбаттаганы байкалды. Теңгенин курсу өзгөргөн жок.

6-сентябрь, эртең менен Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда долларды орто эсепте 84,09 сомдон сатып алныып, 84,57 сомдон сатылууда. Улуттук банктын расмий курсу 84,23 сомду түздү (төмөндөө – 0,17 пайыз).