Марал Радиосу

Дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгат

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 5-сентябрда «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.

Жыйынга Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын дагы бир орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова, Президенттин кеңешчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалык башчылары жана тармактык бөлүм башчылары, Башкы прокурор, ИИМ орун басары,  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, Президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү, Аалымдар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, белгилүү дин ишмерлери катышты.

Анын жыйынтыгында жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиле турган болду.

Мамлекет башчы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, айрыкча дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү берүүгө чакырды.

Ошол эле учурда мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу маселеси көңүл борборунда болушуна, диний ишмерлер жамаатташпай биримдикте иш алып баруусу керектигине көңүл бурду.

Жыйынтыгында бардык тараптардын пикирлерин эске алуу менен аталган мыйзамдын долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмей болду.

Буга чейин Мамлекеттик дин комиссиясы «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.

Документ 37 беренеден турат. Анда коомдук жайларда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга, диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салуу жана башка маселелер каралган.

Ошондой эле диний ишмерлердин коомдук жана саясий турмушка аралашуу эрежелери жазылган.

«Мечит салуу диний ишмердүүлүк деп бааланат». Сунушталган мыйзам боюнча талкуу уланууда

Exit mobile version