Марал Радиосу

«Мечит салуу диний ишмердүүлүк деп бааланат». Сунушталган мыйзам боюнча талкуу уланууда

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Айрымдары жарандардын дин тутуу эркиндиги чектелип жатканын айтышса, айрымдары колдой тургандыгын айтышууда.

Мекеме колдонуудагы мыйзамда учурда жаралып жаткан диний маселелерге карата беренелер жоктугун айтып, мыйзамды жаңылоого муктаждык жаралганын билдирди. Диний эксперттер мыйзам долбоорунда оң жактары жана терс жактары да бар экендигин айтышууда.

Ал эми Муфтият документте жоолукка же хижабка жана дааватка эч кандай чектөө жоктугун билдирди.  

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Ага тиешелүү мамлекеттик органдар жана диний эксперттер катышты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Азамат Юсупов учурда колдонуп жаткан мыйзам долбоордун максатына токтолду.

«Бул мыйзамды иштеп чыгуу учурдун талабы болду. Учурда колдонулуп жаткан мыйхам долбоору 2008-жылы жазылган. Анда учурдагы көптөгөн диний маселелер камтылбай калгандыктан, мамлекеттик органдар менен аталаган мыйзам долбоорун иштеп чыктык».

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлгандан кийин коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда.

Мыйзам долбоорунда коомдук жайларда адамдын жүзүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга тыюу салуу сунушталган. Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу каралган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Канат Мидин уулу сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда терминдерге маани берилгенине токтолду.

«Буга чейин мечиттерди куруу, реконструкциялоо иштерин жасоо диний ишмердүүлүккө кирчү эмес. Юстиция министрлигинен кайрымдуулук уюм катары катталып, бирок  диний объектилерди куруп келе жатышат. Мындан ары бул нерсе диний ишмердүүлүккө кирип калат. Ошондой эле каттоо боюнча да өзгөрүүлөр болуп жатат. Буга чейин мечитер, храмдар диний объект катары катталган эмес, алар диний уюм катары катталаган. Эми экөө эки башка катталат. Диний окутуу боюнча үйлөрдө жашынып алып, диний билим берүүгө тыюу салынат. Эч жашырбай, ачык муфтияттын бекиткен талаптары  жана программанын негизинде окута берсин».

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Азамат Юсупов аталаган мыйзам долбоору кабыл алынса, чет өлкөдөн келген туристтерге эч кандай тиешеси жоктугун кошумчалады.

«Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда чет өлкөлүк туристтерге терс таасирин тийгизбейт. Себеби алар виза менен кирип чыккандыктан, аларга эч кандай талап коюлбайт».

Мындан сырткары жыйында дин жайылткандарга атайын күбөлүк берилип, көзөмөлгө алынаарын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын укуктук камсыздоо жана эсептик каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Курбаналиев айтты. Ал айрым учурда белгилүү адамдар коомчулукка чыгып, динди туура эмес жайылытып жаткан учурлар да бар экендигин кошумчалады.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров Малекеттик дин комиссиясы сунуштап жаткан «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору тууралуу комментарий берди.

Муфтий аталган мыйзам долбоору диний аалымдар жана тажрыйбалуу юристтер менен талкууланганын айтты. Коомчулукта ар кандай туура эмес пикирлер жүрүп жаткандыгын кошумчалап, мыйзам долбоору хижабка жана дааватка тыюу салбай тургандыгын белгиледи.

«Дин комиссиясы иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага жарандар өз пикирлерин айтышууда. Бул жаатта Кыргызстан Мусулмандарынын аалымдар кеңеши тарабынан да комиссия түзүлүп, укук талаасында иш алып баруудабыз. Учурда айрым жарандар мыйзам долбоорун толук окубагандыктан хижабка, дааватка тыюу салынат экен деген бүтүм чыгарып, социалдык тармактарда терс пикирлерин жазышууда. Мыйзам долбоорунда хижабка же жоолукка каршы эч кандай тыюу жок.

Буга чейин аялзаты коомдук жайларда хижаб кийип, жоолук салынып жүргөн болсо, мындан кийин да ошондой жүрө алышат. Анткени бул биздин өлкөдө аялзатынын Конституциялык укугу. Аталган долбоор мектеп, оорукана жана коомдук жайларда жоолукка тыюу салууну көздөбөйт деп айтууга негиз бар» , — дейт муфтий.

Диний эксперт Кадыр Маликов аталган мыйзам долбоору дин кармангандарды чектебей тургандыгын жана динге каршы эмес, тескерисинче, исламды коргоого багытталганын айтты.

«Тилекке каршы, мыйзамды динге, исламга каршы көрсөтүүгө аракет кылгандар дагы болууда. Мисалы, мыйзам долбоору сунушталганда «хиджабга тыюу салынат» деген жалган маалымат тарады. Мыйзам долбоорунда никаб боюнча болуп жатат жана ал боюнча дин аалымдарынын так аныктамалары, көрсөтмөлөрү дагы бар», — деди Маликов.

Дин маселелери боюнча эксперт, юрист Эржан Кайыпов демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунда оң жана терс жактары да бар экендигин айтты. Ал мамлекет дин жаатында кандайдыр бир көзомөл салуу, ирээтке келтирүү аракетини жашкы экендигин, бирок ошол жерде адам укуктары менен эркиндиктерин айкалышууда кандайдыр бир маселе жаралып калуусу да мүмкүн экендигин кошумчалады.

«Мусулман жамааты менен мамлекет учурда консенсуска келиши керек. Бирок мусулман жамаатынын эркиндиктери кыскарып калбоосу керек, теңдик сакталуусу зарыл. Ошондой эле бир катар түшүнүксүз жагдайлар да бар. Диний иш-чараларга саясий адамдар, мамлекеттик кызматкерлер катыша албайт деген жагдайлар канчалык ишке ашат түшүнүксүз болууда. Мисалы, Курман айтта курмандык чалуу кыргыздын салтына эле айланып калган нерсе. Эгер мамлекеттик кызматкер курмандык чалса, бул диний иш аракет болот. Аны курмандык чалып жатат деп аны жоопко тартыш керекпи же тартпаш керекпи деген маселе жаралат. Ошондой эле диний риторика колдонбош керек деп жатат. Бирок кыргыз тилиндеги салттуу эле сөздөрдүн түбү диний. Мисалы, сабыр, ихлас, Кудай буюруса жана башка сөздөр. Бир имараттын аталышы «Нур-булак» деп аталса, нур деген сөз диний сөз, арапча таза, тунук деген исламий деген сөз. Бул диний, диний эмес деп ким, кантип аныктайт, эмнеге таянып аныктайт деген маселелер бар.  

Катардагы жарандар диний кызматкер болбой туруп, Ислам тууралуу пикирлерин социалдык тармактарга, подкасттарга чыгып айтып жатат. Бул нерсени диний кызматкер болбостон, динди таркатып жатат деп айыпка жыгылышы мүмкүнбү же жокпу түшүнүксүз болууда. Себеби бул нерсе сөз эркиндигине кирет. Мыйзам боюнча ар бир адам өзү карманган дини тууралуу айта алат».

Бул мыйзамды иштеп чыгуу учурдун талабы болду. Учурда колдонулуп жаткан мыйзам долбоору 2008-жылы жазылган. Анда учурдагы көптөгөн диний маселелер камтылбай калгандыктан, мамлекеттик органдар менен аталаган мыйзам долбоорун иштеп чыктык.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова элдин коопсуздугун камсыздоо зарыл деген жүйө менен паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарган.

Анда талапты аткарбагандарга 2 миң сом өлчөмүндө айып пул салып, 30 күн коомдук жумушка тартуу, кайра кайталанса, айып пулдун жана жумушка тартуунун мөөнөтүн узартуу сунушталган.

Коомдук талкууга чыккандан кийин кызуу талкууланган.

Exit mobile version