Устат таалими (Башталышы мурунку чыгарылышта)
Жакында Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Орозали Сайдилканов менен Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов кездешип, билим берүүнүн орчундуу маселелери жөнүндө маектешти. Бүгүнкү сөз ата-эне менен мектептин кызматташуусу тууралуу болот.
Д.Ш.: – Агай, ата-энелерди мектепке кантип кызыктырабыз деген суроону талкуулайлы.
О.С.: – Улуу педагог В.А. Сухомлинскийдин мындай сөзү бар: ”Баланы кичинесинен ким жетелесе, багып караса, акыл-эсине жана жан дүйнөсүнө айлана чөйрөдөн эмнелер кирсе, анын өсүп жетиши биринчи кезекте мына ушуга жараша болот”. Демек, биз балага жакшы билим бериш үчүн аны багып, тарбиялап өстүргөн ата-энесин жакындан таанып билип, жакындан иштешүүбүз зарыл. Чындыгында, ата-энелерсиз мектеп да болбойт. Грузин педагогу Ш.А. Амонашвили: “Чыныгы мектеп – мугалимдер менен ата-энелер тыгыз байланышта, карым-катышта жана кызматташтыкта болгон мектеп,” – деп таасын айткан.
Д.Ш.: – Туура, агай. Менин байкоомдо, коомчулук жана ата-энелер акыркы жылдары мектептеги билим берүүгө анчейин кызыкпай калды. Балким, союз мезгилинде деле ушундай ажырым болгондур. Кээ бир мектептерде ата-энени бир маселе чыкканда гана чакырышчу. Ата-энелер комитеттери болгон, бирок көбүнчө формалдуу иштечү.
О.С.: – Формалдуу дегениӊизде мектеп менен ата-эне жоопкерчиликти чогуу көтөрбөгөнүн айткыңыз келип жатабы?
Д.Ш.: – Ооба. Негизинен ата-энелер комитеттери формалдуу иштерди жүргүзүү менен алектенип калган. Мектептеги таалим-тарбия иштерин бүт бойдон мектепке жүктөп коюшкан. Натыйжада мектеп өзүнчө, ата-энелер өзүнчө болуп калган.
О.С.: – Дүйшөн, ошол жолго барууда алар эмнени жүйөө кылышкан?
Д.Ш.: – Менимче, ата-энелер мектептин иштерин билбеген адамдар катары кабыл алып калгандан болсо керек. Мисалы, ата-энелер эч нерсе билбейт, түшүнбөйт, билим менен тарбияга тиешелүү иштердин баарын биз гана билебиз деп эсептеген система болгон. Бирок ата-энени да билимдүү инсандар катары, өнөктөш катары көрүү керек. Тилекке каршы, бул талап эске алынбай, союз тараган жылдары ата-эне менен мектептин ортосунда чоң ажырым болуп, араздашууга чейин барышкан.
О.С.: – Дүйшөн, алардын араздашууларына эмне себеп болгон?
Д.Ш.: – Мектептер каржы жагынан абдан кыйналган, маяна да убагында берилбей жаткан учурлар эле. Ошондо мектептер каржы топтойбуз деп, ата-энелерди жана коомчулук мүчөлөрүн чакырып, тез-тез марафон уюштуруп калышкан. Жалпы элдин турмушу оор эле. Мындан тажаган ата-энелер “биз улам эле жардам бере берелиби” деп нааразы болгон.
О.С.: – Дүйшөн, ошол нааразылыктар азыр да сакталып жаткандай.
Д.Ш.: – Азыр да айрым ата-энелер “мугалимдер жакшы иштебей жатат, кээ бирлери сабакты талаптагыдай өтө албайт, өздөрү эч нерсе билбейт” десе, мугалимдер “ата-энелер биздин бардык ишибизге кийлигишип, балдарын коргой берет, мисалы, баласы “2” алса, мурда ата-эне баласын урушчу, азыркы ата-энелер бизди жемелейт” дегени да бар. Чындап эле, ата-эненин менен болгон мамиле көпчүлүк мектептерде начарлап баратат.
О.С.: – Дүйшөн, мугалимдердин коомдогу ордуна токтолуп кетсеңиз.
Д.Ш.: – 2000-жылы изилдөө жүргүзүп жатканда, мугалимдердин аброю ушунчалык төмөндөп кеткенин көзүм менен көрүп, күбө болдум. Айылдагы кээ бир адамдар мугалимдерди жакшы иштебей жатат деп сындашат экен. Бул боюнча эки жагдайды айтып берейин:
Бир жолу мен барган жерде тойдун ээси мугалимдерге “силер кезек күтүп тургула, азыр баланча балбан достору менен келди, ошолор тамактанып кетсин, анан силер киресиңер” деп айтыптыр. Көрсө, 2000-жылдардын башында айылдарда мыйзамсыз ар кандай жол менен байыгандар көбөйүп, айылдарга “авторитет” болуп калышкан экен. Ошол тойдо кезек күтүп калган мугалимдер менен интервью жүргүзгөндө, аябай капа болгонун айтышкан. Карагылачы, “Мугалимдер – коомдун күзгүсү” дейт, азыр болсо бизди эч ким сыйлабай калды деп ызаланышкан.
Дагы бир жолкуда айылдын ар кандай көйгөйлөрүн чечиш үчүн тыйын чогултуп калышат, ошондо мал базарда далдалчы болгон киши “мына мен акчаны дароо берем, мугалимдердей битир эмесмин” деп мазактаган.
О.С.: – Сиздин оюңузча, идеалдуу түрдө кандай болуш керек?
Д.Ш.: – Ата-энелер менен мугалимдер дайым өнөктөш болушу тийиш. Ата-энелерди чакырып, мектепти кандай өнүктүрөбүз деп кеңешип, сиздердин кандай жардамыңыздар тийет, мисал үчүн, “Балдарды кантип тарбиялайбыз?”, “Балдарга кандай билим беребиз?” деп план түзүп жатканда ата-энелерди активдүү катыштырып, алардын пикирин угуш керек. Ата-энелердин арасында ар кандай билимдүү адамдар, түркүн кесиптин ээлер, мисалы, ишкерлер, врачтар же учкучтар бар. Алар келип балдарга лекция окуп, сабак өткөрүп, кесиби жөнүндө же болбосо балдар окуп жаткан тема боюнча кызыктуу нерселерди айтышса, ата-энелер балдарынын билимине салым кошконуна ыраазы болушат. Мектеп менен кызматташ болууга кызыгып калышат. Бирок бул иш системалуу жүргүзүлүшү керек. Алдын ала ойлоп, ата-энелердин кимисин кайсыл күнү, кайсы маселе боюнча чакырууга болорун тактап, ырааттуу план түзүү кажет.
О.С.: – Абдан жакшы. Рахмат, Дүйшөн.
Д.Ш.: – Агай, сиз өз тажрыйбаңызда ата-энелер менен байланышты эмнеден баштачу элеӊиз?
О.С.: – Мен өзүм иштеген үч мектепте тең ата-энелерди таанып-билүүдөн, алардын өз ара жана балдарга жасаган мамилесин, тарбия берүү ыкмаларын, социалдык абалын, билимге көз карашын, үй-бүлөлөрдүн тутунган баалуулуктарын, окуу үчүн шарттарын изилдеп-иликтеп чыгып, балага тарбия берүүдөгү ийгиликтерин, каталарын аныктоодон баштоочумун.
Д.Ш.: – Ата-энелерди таанып билүү боюнча изилдөөлөрүңүздүн натыйжасында алардан кандай типтүү айырмачылыктарды байкадыңыз?
О.С.: – Ата-энелерди таанып билүү боюнча изилдөөлөрдүн натыйжасында төмөндөгүдөй типтүү айырмачылыктарды аныктадык:
- Кызматташ үй-бүлө.
- Мажбурлоочу жана үстөмдүк кылуучу үй-бүлө.
- Ашыкча сүйүүчү үй-бүлө.
- Эки жаатка бөлүнгөн үй-бүлө.
- Кайдыгер үй-бүлө.
- Кооптуу үй-бүлө.
- Социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлө.
Д.Ш.: – Агай, ата-энелерди мындай айырмалоонун максаты эмне?
О.С.: – Ата-энени таанып билип, үй-бүлөдөгү абалдын чындыгын билип, балага билим, тарбия берүүдөгү жана өстүрүүдөгү ийгиликтерди жана каталыктарды аныктап алмайынча үй-бүлө менен кызматташтыктын максаты да анык болбойт. Өзүңүз баамдагандай, 1-типтен, кызматташ үй-бүлөдөн башкасынын, 2-6-типтегилердин аталышынан эле балага билим берүүдөгү ката кеткендиги билинип турат. Мектептин ата-энелер менен кызматташуусунун башкы максаты – 2-6-типтеги үй-бүлөлөрдүн бала тарбиялоодогу каталыктарын биргелешип четтетип, 1-типтеги, кызматташ үй-бүлөгө өнүктүрүп жеткирүү. Ал эми экинчи максаты – 7-типтеги, социалдык жактан колдоого муктаж (тоголок жетим, жарым жетим балдар жашаган, көп балалуу жакыр, ажырашкан жана мигрант) үй-бүлөлөр менен кызматташып, аларга жардам берүү, колдоо көрсөтүү иштерин уюштуруу. Ал үй-бүлөлөрдөгү балдар менен тыгыз байланышта болуу, кыйынчылыктарды жеңүүгө моралдык да, эмоционалдык да, социалдык да жактан колдоону өз учурунда уюштуруу.
Д.Ш.: – Агай, кызматташ үй-бүлөгө мүнөздөмө бере кетпейсизби?
О.С.: – Кызматташ үй-бүлө – бул ынтымакты жана биримдикти улуу баалуулук деп санаган, үй-бүлөдөгү адеп эрежелерин балдар менен бирге иштеп чыккан, балдарды улуу дөөлөтүм деп билген, балдардын жөндөмүн, шыгын, талантын, кызыгуусун, муктаждыгын, каалоосун жана керектөөсүн эске алып, баланын дилин, оюн, пикирин угуп, макулдашып, кеңешип мажбурлоосуз кызматташып ар кандай ишти бирге жасаган, балдардын ар тараптан өсүүсү үчүн бардык шарттарды түзгөн, эркин тандоого мүмкүнчүлүк берген, үй-бүлөнүн ар бирине улуу-кичүү дебей жаш өзгөчөлүгүнө жараша милдеттер так бөлүштүрүлгөн, оор, татаал иштерде, окууда биргелешип окуу үй-бүлөлүк салтка айланган нарктуу үй-бүлө.
Д.Ш.: – Сиз өз тажрыйбаңызда мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташуусунун негизги багыттары катары кайсы маселелерге өзгөчө көңүл бурчусуз?
О.С.: – Бул маселе ар бир окуу жылынын жыйынтыгына берилген анализде аныкталат. Менин эсимде калганы, мектеп менен ата-энелердин кызматташуусунун багыттарына катары бир жылдары төмөндөгү маселелерди киргиздик эле:
- Үлгүлүү жүрүш-турушубуз, нарктуулугубуз, өрнөктүү иш-аракетибиз менен балада мыкты адам болуу сезимин ойготуу;
- Баланын чөйрөсүн гумандаштыруу жана ага гумандуу мамиле жасоо;
- Сабактын сапаты жана натыйжалуулугу – мугалимдин устаттыгы жана жаратмандыгы;
- Балдар чыгармачылыктын дүйнөсүндө жашоого тийиш. Биз ага шарт түзүүгө милдеттүүбүз;
- Китеп окуунун жогорку маданияты болмоюнча мектеп да, чыныгы акыл эмгеги да жок;
- К.Д. Ушинский “Балдарды жөн гана бакыт үчүн тарбиялоо мүмкүн эмес, турмуштан ордун таап, эмгекчил болууга жол ачсак, мунун өзү эле аларга бакыт алып келет” деген;
- Балдардын талантынын, жөндөмүнүн жана шыгынын ачылышына шарт түзүү жана колдоо;
- Зээндүү балдарды колдоо жана шыктандыруу;
- Окуудан жетишпеген балдардын билим, билгичтиктерин, көндүмдөрүн өнүктүрүү багытында;
- Балдарды жакшы сезимдерге ээ кылуу жана маданияттын негиздерин калыптандыруу;
- Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мектепти компьютерлештирүү жана электрондук такталар менен камсыз кылуу.
Д.Ш.: – Агай, кызматташтыктын багыттарынын ичинен бир багытынын ишке ашырылышы тууралуу айтып бербейсизби?
О.С.: – Маселен, биринчи “Үлгүлүү жүрүш-турушубуз, нарктуулугубуз жана өрнөктүү иш-аракетибиз менен балдарыбызга үлгү бололу” багыты боюнча ата-энелер менен кызматташтыкта биргелешип төмөндөгү иштерди аткардык:
- Ар бир класста ата-энелер класс мугалимдери менен бирдикте ”Үлгүлүү үй-бүлө этикасын”, ”Ата наркын”, “Эне наркын” иштеп чыгышты. Булар боюнча ата-энелерге алдын ала кабарлангандыктан, алар кызыгып, абдан активдүү катышты. Ал эми мугалимдер ишти уюштуруучу жана кеңешчи болушту.
- “Үлгүлүү үй-бүлө этикасы”, “Ата наркы”, “Эне наркы” маалымат баракчалары чыгарылып, мектептеги “Ата-энелер бурчуна” илинди жана ар бир ата-энеге жөнөтүлдү.
- “Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат”, “Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиӊди өсөт”, “Ата-эне – баланы келечегин көрүп туруучу күзгү” деген темада талкуу уюштурулду. Талкуунун жыйынтыгында иштелип чыккан тыянактар “Кабарлоо баракчасы” аркылуу бардык ата-энелерге жеткирилди.
- “Мекениңе жакшылык кылгың келсе, жакшы уул-кыз тарбияла” деген Чыңгыз Айтматовдун осуятын аткарып жатабызбы? Биз бала тарбиялоодо ката кеткен жокпузбу?” деген темада класстык чогулуш.
- Кызматташтыктын негизинде биргелешип жүргүзгөн иштерибиздин натыйжасын баалоо максатында сурамжылоонун суроолору:
- Үй-бүлөдөгү бала тарбиялоодо эң маанилүү деп эмнени санайсыз?
- Үй-бүлөдө сиздин ордуңуз кандай, аны өзгөртө алдыңызбы?
- Бала сиздин кандай болушуңузду каалайт?
- Сиз кандай ата-энемин деп ойлойсуз?
6. Анкета менен таанышып, жоопторун талдап, жыйынтыктап, ийгиликтерди аныктап, салт катары өнүктүрүүнү, көйгөйлөрдү, анын себептерин билип, четтетүүнүн биргелешкен пландарын түзүшөт.
Калган багыттар боюнча да ата-энелер менен кызматташып, биргелешип жогорудагыдай иштер жамааттык чыгармачылыктын негизинде уюштурулуп кете берет.
Д.Ш.: – Агай, мектепте билим берүү ишине катышууга ата-энелерди кызыктырууда кызматташтыктын дагы кайсы формасын сунуштаар элеңиз?
О.С.: – Бизде мектепти өнүктүрүүдө ата-энелер, мугалимдер жана окуучулардын биргелешкен долбоордук иштеринин өтө чоң пайдасы тийген. Дагы да бул багытта өнөктөшүп иштөөгө чоң көңүл бурулууда.
Д.Ш.: – Агай, ата-энелерди качан мектептеги билим берүүгө кантип кызыктырууга болот?
О.С.: – Ата-эненин бала тарбиялоо тажрыйбасына, педагогикалык билимге муктаждыгын жана каалоосун жаратмайын, мектептеги билим берүүгө кызыктыра албайбыз. Ал үчүн бир гана жол – кызматташууну билүү.