Марал Радиосу

Билим берүүдө реформалар мугалимсиз ишке ашпайт (3-бөлүк)

(Маектин башы өткөн сандарда)

Жакында Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Орозали Сайдилканов менен Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов кездешип, билим берүүнүн орчундуу маселелери жөнүндө маектешкен.  Бүгүнкү сөз мугалимдер туралуу болмокчу.

 Орозали Сайдилканов: Мугалим окуучунун адам катары калыптануусуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Адольф Дистервег “Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эң жандуу мисал бул – мугалим” деген экен.  Дүйшөн, сиз дагы мугалимдик кесип жөнүндө

изилдөө жүргүзүп келесиз. Билгендериңизден айтсаңыз.

Дүйшөн Шаматов: Сапаттуу билимди мугалим камсыз кылат. Күчтүү мугалим иштеген мектептерде окуучулардын жетишкендик деңгээли, компетенттүүлүгү жогору болуп, натыйжада алар жашаган коом да өнүккөн коом болот.  Мугалимдер жөнүндө, алардын билими, кесипкөйлүгү боюнча дүйнөдө көптөгөн окумуштуулар өз изилдөөлөрүн жүргүзүшүүдө. Алар азыркы 21-кылымдын “мугалими кандай болушу керек, кандай компетенттүүлүктөргө ээ болушу керек” деген маселелерге өз изилдөөлөрү боюнча ойлорун айтышууда. Мыкты окумуштуулар “мугалимдердин адистик жана кесиптик билим деңгээли эң жогору болуп, билим берүү процессин билген, баалай алган, окуу программасын, окуу ресурстарын туура натыйжалуу колдоно алган, сабагын жаңылап турган, окуучулардын сынчыл ойлоосун өстүрүүгө, алган билимин турмушта колдоно билүүгө, көйгөлөрдү өз алдынча чече алганга, татаал маселелерди чечүүнүн ыңгайлуу жолун таба алууга үйрөткөн мугалим зарыл” деп эсептешет.  Тилекке каршы, кээ бир мектептерде азыр деле фактологиялык билим берүүгө басым жасалып, окуучулардын курулай жаттап алуусуна көңүл бурулат. Башкача айтканда, “дүйнөдө канча мамлекет бар?,  алардын борбор шаары кайсы?” деген сыяктуу суроолор менен гана чектелишет.

 Орозали Сайдилканов: Айтсаңыз, мугалим адамдык сапаттарга  ээ мыкты окуучуну кантип коомго кошо алат?

Дүйшөн Шаматов: Мугалим изденген, дайыма өзүнүн үстүнөн иштеген, мен баарын билип алдым дебестен, өмүр бою үйрөнөм деп, канча жыл иштесе да талбай өзүн-өзү өркүндөтүп туруусу зарыл. Мугалимдин ар бир сабагы өзүнчө чыгарма болушу керек. Маселен, мугалим бир предметти жыл сайын окутса да, кайра-кайра эле коёндой окшош сабактарды өтө бербестен ар бир сабагы өзгөчө болуп, сабактын ар кандай түрлөрүн, формаларын, усулдарын өздөштүрүп, жаңылап, изденип, өркүндөтүп турушу керек. Ушинский: “Мугалим күн сайын билим алып туруусу зарыл, билим алуу токтогондо, мугалимдиги да токтойт,”- деген. Мындан улам мугалим кесиптик жактан өзүн тынымсыз байытып, сабактарын жаңыртып, натыйжалуулугун жогорулатып турууга тийиш. Өз билимин өзө өркүндөтүп туруу — мугалимдин адистик жана кесиптик чеберчилигин жогорулатып туруунун эң натыйжалуу формасы.

Орозали Сайдилканов: Ушул багытта жаш мугалимдерге  кайсы авторлорду окууну сунуштайсыз?

Дүйшөн Шаматов: Авторлор абдан көп. Илимпоз, мугалим Дональд Шөн “мугалим дайыма изденген, рефлективдүү практик болушу керек” деген. Анын китептери чет өлкөлөрдө мугалимдерди даярдаган окуу жайларда сөзсүз окулат.  Мугалим ар бир аткарган иш-аракети жөнүндө ойлонуп, изденип, “сабакты кандай өттүм, дагы жакшыраак кантип өтсөм болот?” деп өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун үстүнөн иштеп, билимин жаңылап турушу керек. Эгер өткөн сабагы купулуна толбой калса, жакшыртуунун жолун издеп, өз иш аракетине үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп, талдап, ийгиликтери жана мүчүлүштүктөрүн аныктап турушу шарт.

Советтик жана ата-мекендик педагогдор Кыргызстанда билим берүүнүн өнүгүшүнө зор салым кошушкан. Алардын эмгектерин баса белгилеп айта жүрүшүбүз керек. Мисал үчүн ошол эле Макаренко, Сухомлинский, Ушинскийлердин жана башка советтик жана кыргыз педагогдордун эмгегине дайыма шилтеме берүү абзел. Муну менен башкалардын да изденүүсүнө өбөлгө түзөбүз. Мугалимдик асыл сапатыбыздын дагы бир өрнөгүн көрсөтөбүз.  Алардын эмгегин болочок мугалимдерге түшүндүрүп, алардын идеяларынын өзгөчөлүктөрүн, бүгүнкү күндө эмнеси менен баалуу, аны колдонсок кайсы көйгөйдү ийгиликтүү чечип, оң натыйжага жете аларыбызды тастыктап, ынанымдуу түшүндүрө алабыз. Курулай эле Макаренко деп айта бергендин пайдасы жок. Ишке ашырган өрнөгү менен мисал келтирүү зарыл.  Ошондой эле Лев Выготскийдин “өнүгүүнүн жакынкы зонасы” деген укмуш теориясы бар. Бирок бул теория болочок мугалимдерди даярдаган жогорку окуу жайларда жеткиликтүү окутулбай келүүдө. Айрым мугалимдерден “өнүгүүнүн жакынкы зонасы” деген эмне?, Кайсы зона жөнүндө сөз болуп жатат? Анын мугалим үчүн эмне мааниси бар?,  деп сурасак, так жооп берүүдө кыйналгандары бар. Ушуга окшогон педагогикалык теориялар менен принциптерди жогорку окуу жайларда

практикалык сабактарда терең талдап, түшүндүрсө мыкты болмок. Мугалимдер балдардын сабакты өздөштүрүү деңгээлин аныктоодо, ”Балдардын азыркы билими кандай? Билимин дагы кандай өркүндөтөм?” деген суроолорго жеңил жооп таап, ишинин эффективдүүлүгү артат.

Орозали Сайдилканов: Ал эми мугалим болууну каалаган келечектеги насаатчыларга кайсы китептерди окууну сунуштайсыз?

Дүйшөн Шаматов: Мен кыргызстандык болочок мугалимдерге Бразилиялык окумуштуу Паоло Фрейренин «Эзилгендердин педагогикасы» (Педагогика угнетенных) деген китебин сунуштаймын. Бул китеп мугалимдер үчүн абдан маанилүү. “Мугалим уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей, эгер алар мугалимин өкүм менен урушуп, авторитардык окутуу системасы менен окуткан болсо, ошол окуучулар кийин өздөрү мугалим болгондо, куду өздөрүнүн мугалими кандай иштесе ошону гана кайталап калышат.  Ал китепте окутууну банк системасы менен салыштырат. Мисалы, окуучуну пассивдүү түрдө банк системасына салыштырат. Билим — бул депозит гана, мугалим окуучунун башын ачып туруп эле, билимди салып коюш керек. Окуучу билимди пассивдүү түрдө кабыл алышы керектиги туралуу парадигманы ачыктайт. Бирок ал парадигманы сындап, эркин окутуу, балдардын эркин ой

жүгүртүүсү, балдарды пассивдүү көрбөстөн, мугалим балдардын билим алышына көмөк гана кылып, окуучулар болсо өздөрү активдүү түрдө билим алуунун катышуучусу болушу зарыл деген педагогикалык принциптерди окутат. Бул ойдун мааниси абдан терең. Педагогикалык адистерди даярдаган окуу жайларда бул китепти сөзсүз окутушса жакшы болмок…

Орозали Сайдилканов: Болочок мугалимдерди даярдаган окуу жайлар кантип өзгөрүүсү керек?

Дүйшөн Шаматов: Кыргызстанда болочок мугалимдерди даярдаган окуу жайларда мыкты иштеген педагогдор жок эмес, бар. Алар өздөрүнүн демилгеси менен новатор болуп кичинекей болсо да, өзгөрүү киргизүүгө аракет кылышууда. Бирок бул аракет системалуу болбой калууда. Системалуу түрдө бизге “кандай мугалим керек?, ошол мугалимди кантип даярдайбыз?, заманбап мугалимибиз кандай болушу керек?, дүйнөдөгү педагогикалык агым кайда баратат?, окутуу же баалоо стратегиялары кандай?, биздин мугалимдер дүйнөдөгү агымдан артта

калбастан, кантип 21-кылымга керектүү касиеттерге ээ болушу керек?” деп, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбалар менен, дүйнөлүк педагогтордун эмгектери менен  биздин кесиптештерди тааныштырсак жакшы болот.  Бирок көпчүлүк китептер англис тилинде болгондуктан, биздин кесиптештер орус жана кыргыз тилиндеги китептерди окуу менен чектелип, дүйнөлүк педагогикалык табылгалардан артта калуудабыз.

Орозали Сайдилканов: Бул багытта сиз иштеп жаткан Казакстанда кандай иштер болуп жатат?

Дүйшөн Шаматов: Казакстанда акыркы 4-5 жылдан бери Дүйнөлүк банктын жардамы менен педагогикалык окуу жайларды реформалоо иштери жүрүп  жатат. Финляндиянын Хелсинки прикладдык билим берүү институту менен бирге Назарбаев университетинин жана башка Казакстандык адистердин жардамы менен бул олуттуу реформа болууда. Башында дүйнөдөгү  мугалимдерди эн мыкты даярдаган 5 мамлекеттин окуу системасын терең изилдеп чыктык.  Бул ситуативдик талдоого Финландия, Сингапур, Канада, Польша жана Эстониянын мисалдары каралды.  Андан соң Казакстандын мугалимдерди даярдоо системасын, ар кандай регулятивдик документтерди, мыйзамдарды да терең изилдеп чыктык.  Акырында, реформанын стратегиясын иштеп чыктык.  Бул реформа алкагында Казакстандык педагогикалык окуу жайлардын адистерин тандап чогултуп, аларды атайын окутуп, алардын жардамы менен ЖОЖдордун 30 программасын компетенттүүлүктүн негизинде кайра иштеп чыгышты. Программаны түзүүгө катышкан адистерди алдын ала дүйнөлүк педагогика тармагындагы алдынкы өлкөлөрдүн изилдөөлөрү менен тааныштырып, аларды окутуу жүрдү.  Аларга азыркы учурдагы мугалимдерди даярдоо боюнча “окуу программасы, баалоо, инклюзивдик окутуу, азыркы заманбап илим менен интеграция кылып окутуу кандай болуш керек, дүйнөлүк илимден кантип пайдаланабыз?” деген темаларда окуу өткөрүп үйрөттү. Ушул реформа пайдалуу болду. Мунун негизинде жанагы 30 программаны Казакстандын ар кандай университеттеринен келген жүздөн ашык алдыңкы агартуучулары өздөрү иштеп чыкты. Аларга Финляндиядан келген адистер жана биз жардам бердик. Ушунун негизинде Казакстандын реформасы заманбап мугалимди даярдоого аябай чоң салым кошот, деп мен үмүттөнөм. Бизде дагы “педагогикалык адистерди кантип даярдайбыз?” деген темада эми талкуулар боло баштады.

 Орозали Сайдилканов: Казакстандагы мектептерде иштеп жаткан мугалимдердин билимин кантип өркүндөтүп жатышат?

Дүйшөн Шаматов: Казакстанда бул тармакта да олутуу реформалар көп жылдан бери болууда. Мугалимдерди кесипкөйлүк жагынан такшалтуу, адистик билимин тереңдетүү, дасыктык жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү багытында Республикалык жана облустук мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү институттарында олуттуу реформалар жүргүзүлүүдө. Жалпы мугалимдердин адистик жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, мугалимдердин компетенттүүлүгүн арттыруу, дүйнөлүк жана ата-мекендик педагогдордун алдыңкы тажрыйбаларын үйрөтүү программалары жаңыланууда. Критериялдык баалоо, баалоонун жаңы системасы боюнча реформалар болууда.

Орозали Сайдилканов: Критериялдык баалоо деген абдан кызык экен. Баалоо жөнүндө алдыда маек кылалы. Жапондордун LessonStudy («Сабакты изилдөө») усулу жөнүндө айтып берсениз.

Дүйшөн Шаматов: Бул абдан эффективдүү усул. Казакстанда бир топ жылдан бери ийгиликтүү колдонуп жүрүшөт. Мында үч-төрт мугалим биргелешип, чогуу план түзүшөт, бири-биринин сабагына катышып, сабакты чогуу изилдешет, конструктивдүү сын пикир айтышат, сабакты чогуу пландаштырганда коллегиялуулук болуп, кызматташтык күчөйт, мугалимдер биргелешип жакшы иштеп, жамааттын климаты да оң жагына абдан жакшы өзгөрөт, ошондой эле мугалимдер жогортон берилген тапшырманы күтүп отурбастан ар бири изилдөөчү болушат, чыгармачылыгы өсөт. Чыгармачылык эркиндик, өз  алдынчалуулук артат. Өзүнө ишеними күчөйт.

Маектин уландысы:

Мектеп менен ата-эне кантип кызматташуусу керек?

Exit mobile version