21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн.
Жериндеги абал боюнча саат 19:45ке карата берилген маалыматтын негизинде куткаруучулар жеринде тактап, жергиликтүү бийликтин техникалары менен суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүүдө.
Зындан көлү жырылып суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундар эвакуцияланды. Натыйжада Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылып, көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Б.Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан 2 экскаватор, 3 жүктөгүч тартылып, Туура-Суу айылын суу каптоо коркунучунун алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.