Марал Радиосу

Аба ырайы: Күндүн табы көтөрүлөт

10-августтан 12-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Министрлик бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөт.

Эртең, 9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30.

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +37…+39 градус болот.