Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо качан бүтүшү мүмкүн экени айтылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштери 2-3 айдын ичинде бүтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтымында, мамлекеттик чек ара өтө курч маселе, бирок чек аранын  90%ы такталды.

«Тажик кесиптештер менен жума сайын жолугушууларды өткөрүп турабыз. Өкмөттөр аралык комиссия бир жума Кыргызстанда, бир жума Тажикстанда чогулат. Биз азыр координациялап жаткан бир катар пункттар калды. Мамлекет башчылары тарабынан жакынкы аралыкта делимитацияны аягына чыгаруу тапшырмасы берилген. Учурда активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, тараптардын кызыкчылыктарын карап жатабыз. Жакынкы эки-үч айда бүтүрөбүз деп ойлойм. Транспорттук транзитке байланыштуу маселелер бар, алар биздин да, алардын жарандары да өздөрүн ыңгайлуу сезиши үчүн жеңилдетилиши керек» , — деди министр Кулубаев.

Гутерриш: Кыргызстан чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечип жатат