Марал Радиосу

Уюлдук телефондорду милдеттүү каттоонун мөөнөтү узартылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда уюлдук телефондорду ыктыярдуу каттоонун мөөнөтү 15-августка чейин узартылганын кабарлады.

Тактап айтканда, 25-июнга чейин алынып келинген тастыктоочу документтери жок болгон мобилдик түзүлүштөрдү каттоону кийинкиге калтыруу жарыяланды. Ошондой эле милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттери тармактан ажыратылбайт.

Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында түзүлүштөрдү каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерлерине жүктөлөт.

Уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосу