Марал Радиосу

Бишкекке кирген автоунаалардан жана туристтерден акы алуу сунушталды

Бишкек шаарына башка аймакта жана чет өлкөдө катталган автоунааларды киргизүү үчүн акы алуу сунушталды. Мэрия тарабынан сунушталган пилоттук долбоор коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоор жактырылса, пилоттук режимде 6 ай иштейт.

Аталган долбоорго ылайык, калаада ижарага берилген электросамокат сыяктуу транспорттордон жана шаарга келген туристтерден да акча алуу сунушталууда.

Бишкек шаарынын аймагына шаардан башка аймактарда катталган автотранспорттун кириши үчүн жыйымдын өлчөмү жеңил унааларга 50 сом, чет өлкөлүктөргө 200 сом деп сунушталууда.