Марал Радиосу

Автоунаага газ баллон жабдууларын орнотууга уруксатты кайдан алса болот?

Автоунаага газ баллон жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынан эмес, жер-жерлердеги бөлүмдөрүндө берилет.

Буга чейин борбордук аппаратында берилип келген.

Газ баллон  жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү докумменттерди топтоо зарыл.

-алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин атына жазылган арыз.

-паспорттун көчүрмөсү.

-транспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү, техникалык күбөлүк).

-транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу (тескөө) укугун ырастоочу документ (ишеним кат).

-кайра жабдууга дайындалган эскиздик долбоор (чийме).

Конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө сертификатты алууга төмөнкү докумменттер керектелет:

— эксперттик комиссиянын корутундусу, конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасы, коопсуздугу жөнүндө сертификат, техникалык кароонун  диагностикалык картасы.