Марал Радиосу

Телефон саткан ишкерлерге милдеттүү каттоо жөнүндө маалымат берилди

Мамлекеттик идентификациялоо системасында телефондорду милдеттүү каттоодо айрым көйгөйлөргө туш болгон «Береке», «Беш-Сары» жана «Айчүрөк» соода комплекстеринин дүкөндөрүндө уюлдук телефондорду сатуу менен алектенген ишкерлердин кайрылуу кылышкан.

Буга байланыштуу, алардын маселелерин чечүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик бажы кызматынын жана «Инмобайлс» компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу уюштурду.

Ишкерлерге милдеттүү түрдө каттоо системасын киргизүү менен телефон аткезчилиги, сапатсыз продукцияларды сатуу токтотулуп, телефон уурдоо фактылары да жок кылынары түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, ишкерлер телефондорду мамлекеттик идентификациялоо тутумунун базасында каттоодон баш тарткан учурда айрым көйгөйлүү маселелерди чечүүгө байланыштуу суроолорго жооп алышты.

Ошондой эле, кошумча документтерди көрсөтпөстөн, бирок бардык мамлекеттик алымдарды төлөөнү ишке ашыруу жана милдеттүү түрдө каттоо системасын жеңилдетүүнү суранышты. Бул маселе жакынкы арада компетенттүү органдар тарабынан каралары айтылды.

«Инмобайлс» (imei.kg)  компаниясы тарабынан каттоо тутуму тууралуу жарандарды кабардар кылуу боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп, Бишкек шаарындагы телефондорду сатуучу ири түйүндөрдө практикалык окутуу иштери жүргүзүлөөрү белгиленди.

Быйыл 25-июнунан тарта Кыргызстанда мамлекеттик идентификациялоо системасында мобилдик телефондорду милдеттүү каттоо киргизилген.

Уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосу