18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүң тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Эртең, 17-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтөт, кээ бир райондордо жаан нөшөрлөп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.