Бүгүн саат 11:45 чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кадыр-Аке айыл аймагынын Эңилчек айылында кыска мөөнөттүү жааган жамгырдын кесепетинен сел суулары 10 турак үйдүн короосун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ак-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана аталган айыл аймактын 2 кызматкери тартылган. Жергиликтүү тургундар менен суу нугун буруу аракеттерин жасашкан.
Ушул эле күнү Каракол – Эңилчек унаа жолунда 75-76-77-чакырым аралыктарында 4 тилкеде болжол менен 1482 м3 таш көчкү түшкөнү маалымдалган.
Куткаруучулар тартылып, унаа жолу бир тараптуу ачылган. Жолду кеңейтүү иштери бүгүн, 16-июлда жүргүзүлүүдө.