14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала маалымат боюнча алар бир үй-бүлө болгонун билдирди. Аты-жөндөрү Д. Н. 1980-жылы туулган, кыздары М. 2005-ж.т. М. 2014-ж.т. , С. 2018-ж.т.
Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.
Мындан сырткары 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланды.
Ош шаарында 14-июлда катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып сел жүрдү. Сел суулары Оштогу борбордук базарды да каптады.