Марал Радиосу

Ташиев бийликти басып алууга аракет кылгандар боюнча комментарий берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “7-каналга” курган маегинде бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен кармалгандар тууралуу айтты.

Ал учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, кармалган топ тууралуу маалыматтар Атайын кызматта болгонун айтты.

Кармалгандардын артында тышкы күчтөр бар-жоктугу териштирүүдөн кийин аныкталарын билдирди. Камчыбек Ташиев Кыргызстандын экономикасы өнүгүп келатканда өлкөгө тынчтык керек экенин кошумчалады.

“Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Куралдарды, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип «кустарный метод» менен жасасак болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты баарынын артынан түшүп, видео байкоолорго жаздырып жүргөнбүз. Баары бышып жетилгенден кийин балдар кармап келишти. Алардын максаты, өткөндө жүз берген окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдери кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору бар эле. Жаман ишти кылар замат, ошол эле аскер кийим кийген балдар шапкелерин ыргытып, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытып, «мына, биз эл тарапка өттүк» деп жарыялашмак. Ошентсе, «бүткүл өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет» деген чолок акыл пландары болгон” , — деди Ташиев.

УКМК 5-июлда күч колдонуу менен бийликти басып алууну пландаган деструктивдүү топ аныкталганын кабарлаган. Кармалгандардын жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинтүү учурунда колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдүн тетиктери, ок атуучу куралдар, ок-дарылар, рациялар, ок өтпөс кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылган.

УКМК бийликти басып алууну пландаган топ кармалганын кабарлады