Марал Радиосу

Министрлик: Чагылган тийген малды залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Ысык-Көлдүн Тоң районунда чагылган тийип өлгөн малды ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык көмдүрүү жана залалсыздандыруу иштери үчүн комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Министрлик 8-июлга карата эпизоотиялык абал туруктуу экенин, кошумча маалымат берилерин билдирди.

7-июлда Тоң районунундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн Жаз-Кечүү жайлоосунда түшкөн чагылгандын кесепетинен чабан Абдылдаев Көкүмбектин 250 баш кою өлгөн.