Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр көчөсүн капиталдык оңдоонун алкагында Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки аралыкта бир катмар асфальт төшөлдү.
Асфальттын экинчи катмары төшөлүп, жол сызыктары түшүрүлгөндөн кийин жогоруда аталган аймакты 10-июлда ачуу пландалууда.
Мэриядан кабарлашкандай, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы Гоголь көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын оңдоону 8-июлдан тарта улантат. Буга байланыштуу Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.