Марал Радиосу

Чуңкурчакта “Кымыз Фест – 2024” этникалык фестивалы өтүүдө

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан “Кымыз Фест – 2024” этникалык фестивалына барды.

МинКаб башчысы айыл чарба жетишкендиктери, кол өнөрчүлүк жана кымыздын түрлөрүнө арналган көргөзмө-жарманке менен таанышты.

«Кымыз – бул оригиналдуу улуттук даам.  Кыргыз элинин тарыхын кымыздын тарыхынан бөлүп кароого болбойт.  Кымыз майрамы биримдикке, ынтымакка, улуттук каада-салтты сактоого чакырат.  Мындай фестивалдарды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү маанилүү”, — деди Акылбек Жапаров.

Андан ары театралдаштырылган оюн зоок тартууланды.

Өткөн жылы этнофестивалга 5 миңден ашык коноктор келген.  Быйыл 10 тоннага жакын кымыз алып келүү пландалып, 10 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.