Марал Радиосу

Ноокатта сел 7 адамды агызып кетти

28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында  Ноокат районунда Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен   Шаран-Сай сел өтүүчү сайына сел суулары түшкөн.

Натыйжада бир ички чарбалык көпүрөнү, 1 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

7 адамды сел суулары агызып кетип, 5 адамдын сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Издеп-куткаруу иштерин координациялоо үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган 30 куткаруучу тартылды.      

Кошумча 80 куткаруучу Ноокат районуна Оштон чыкты.    

Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.