Марал Радиосу

Бишкек менен Чүйдө бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Министрлик катуу шамал учурунда автоунааларды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоону, электр чубалгылары турган жерге барбоону, көз айнек кийүүнү сунуштайт. Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.