Марал Радиосу

Селден улам өлкө аймагында айрым жолдор жабылды

Азыркы учурда жаандан кийин сел жүрүп, жолдорго таш кулап, Балыкчы-Жалал-Абад унаа жолунун 258-чакырымында  (Тогуз-Торо району)  унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Ош облусунун Мырза-Аке-Кара-Шоро унаа жолунда чоң таш түшүп, жолду суу каптап, жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Жеринде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана тийиштүү кызматтар иш алып барууда.