Марал Радиосу

Газдаштырууга мамлекеттик банктар жеңилдетилген насыя берүүдө

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарына үйлөрүн газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя бере баштады. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

Министрлер кабинети «РСК Банк» жана «Айыл Банктардан» жылдык 8%га насыя берүү боюнча тескеме кабыл алды.

Пайыздык чени Бишкек шаары жана Чүй облусунун жашоочуларына жылдык 8 пайыз деп белгиленди. Суммасы 150 миң сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз 24 айга чейин болот.

Насыяны алуу процесси:

«Газпром Кыргызстан» ишканасы үйдү газдаштырууга арыздарды жайкы мезгилде берүүнү сунуштайт, анткени ушул убакта компаниянын тейлөө борборлорунда узак кезек болбойт, кезектер жыл сайын августтун экинчи декадасынан тарта башталат.

Кыргызстан менен «Газпром» газ берүү келишимин 2040-жылга чейин узартты