13-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан нөшөрлөп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +27…+29 градус ысык.