Марал Радиосу

Статком: Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң сомго жакындады

Кыргызстанда январь-апрель айларында орточо айлык акы 34 миң 391 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде айтты.

Бул 2023-жылга салыштырмалуу орточо айлык акы 11,7 пайызга өскөнүн билдирет.

Маалыматка караганда, дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк операциялар тармагында, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, пайдалуу кең байлыктарды казуу, андан тышкары транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында айлык акы өскөнү байкалган.

Орточо айлык акы 34 миң сомдон ашты. Бул канчалык реалдуу?