Марал Радиосу

Депутат Малиев Бишкекте метро курууну сунуштады

Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында депутат Арсланбек Малиев Бишкекте метро курууну сунуштады. Ал муну менен жолдогу тыгын маселесин чечсе болот деп эсептейт.

Ал үчүн Орусиядан, Кытайдан же башка өлкөлөрдөн инвестор табууну сунуштады.

«Курса болот. Ал үчүн дипломатиялык жол менен сүйлөшүү жүргүзүп, Кытай, Орусия же башка мамлекеттерден инвестор тапса болот. 20-30 жылга берип, андан кийин бизге өтөт деген келишим болсо. Ошондо Бишкектеги тыгын проблемасы чечилип калат деп ойлойм. Министрлер кабинети иштеп көрсүн, балким туура жолун табат» , — деди депутат.

2021-жылы Бишкек мэриясы түркиялык компания Кыргызстанда асма жол салуу (монорельс) мүмкүнчүлүгүн карап жактанын билдирген. Бишкекте жер үстүнөн өтүүчү транспорттун долбоору 2020-жылы да мэрия тарабынан сунушталган.

Түркиялык компания Бишкекте монорелстүү жол курууга кызыкдар