Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болорун өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
Катуу шамал учурунда автоунааларды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоо керек, электр чубалгылары турган жерге барбоо, көз айнек кийүү сунушталат.
Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.