Кыргызстанда катталып жаткан жол кырсыктарынын 92%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан маалыматта айтылат.
Кырсыктар көбүнчө катуу ылдамдыкта айдоо, карама-каршы тилкелерге чыгуу, алдыдагы унаадан ашып өтүүдө, озуп өтүүдө же маневр жасоодо коопсуздук эрежелерин толук сактабагандык, мас абалында унаа башкаруу, кууш, тар жерлерде айдоочулар бири-бирине жол бошотуп бербөө, рулда уктап калуу сыяктуу фактылар менен коштолот.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды өзүнүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн жолдо жүрүүдө эрежелерди сактоого чакырат.