Марал Радиосу

Бишкекте карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте 25-апрелден тарта карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда 5 миңден ашык тиричилик абоненттеринин электр жарыгына карызы бар.

Керектөөчүлөр электр жарыгына карызы бар-жогун “Абоненттин балансы” рубрикасынан же болбосо “Мой свет” тиркемесинен көрө алат.

Электр энергиясы үчүн төлөмдөр атайын кассалардан сырткары:

Бишкек электр тармактар ​​ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү кечиктирбестен өз убагында төлөөгө чакырат.