Марал Радиосу

Депутат абактагы журналисттерди бошотууну өтүндү

Депутат Жанар Акаев милициянын убактылуу кармоочу жайындагы журналисттерди үй камагына чыгарууну өтүндү. Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында Акаев 11 журналист кармалып, жетөө бошотулганын, төртөө дагы эле камакта экенин эске салды.

«Аларды үй камагына чыгарып, тергөө амалдарын улантса болот. Журналисттердин камакта жатканы Кыргызстандын кадыр-баркына да абийир алып келбейт. Буга өзгөчө көңүл бурууну суранам» , — деди Акаев.

Быйыл 16-январда “Темиров Live”, “Айт айт десе”, “ПолитКлиника” жана “Арча Медиа” басылмаларынын журналисттеринин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү. Алар:

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттердин баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алган.

Учурда жети журналист үй камагына чыгарылды, төртөө тергөө абагында:

Махабат Тажибек кызы, Айке Бешекеева. Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров.