Марал Радиосу

Грузияда депутаттар «Чет элдик агент» мыйзамы каралып жатканда мушташа кетти

Mamuka Mdinaradze, leader of the ruling Georgian Dream party's parliamentary faction, is punched in the face by opposition MP Aleko Elisashvili during discussion of the bill on "foreign agents" in the Parliament, Tbilisi, Georgia, April 15, 2024 in this still image taken from a live broadcast video. Parliament of Georgia/Handout via REUTERS ATTENTION EDITORS - THIS IMAGE WAS PROVIDED BY A THIRD PARTY. NO RESALES. NO ARCHIVES. MANDATORY CREDIT

Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилисиде «чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамга каршы акцияга чыккандардын 14үн кармап кетти.

Ошондой эле нааразылык акциясынын катышуучуларынын аракеттеринин натыйжасында бир милиционер жабыркап, медициналык жардамга муктаж экени кабарланды.

15-апрелде Грузиянын парламентинин имаратынын жанына миңдеген адамдар «Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Мыйзам долбоорун бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы кайрадан алып чыкты. Мыйзам долбоору бир жыл мурун массалык нааразылык акцияларынан кийин чакыртып алынган эле.

Мыйзам долбоору каржысынын 20%дан ашыгын чет өлкөдөн алган бейөкмөт уюмдарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын чет элдик мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон уюм катары каттоого милдеттендирет.

Грузияда «чет элдик агенттер тууралуу» мыйзамга каршы митингдер өтүүдө (видео)

15-апрелде парламенттин Укук маселелери боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Талкуунун жүрүшүндө оппозициялык «Жарандар» партиясынын депутаты Александр Елисашвили менен «Грузин кыялы» партиясынын катчысы Мамука Мдинарадзенин ортосунда мушташ чыккан.

Элисашвили трибунада депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан кесиптешинин башына чаап жиберген. Мушташка башка депутаттар да кошулган. Натыйжада парламенттин сайтында түз эфир үзүлүп, Елисашвили залдан чыгарылган.

Тбилисиде “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамга каршы акция бүгүн да уланары кабарланган.

Кыргызстанда «Чет элдик өкүл» деп таанылган Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам 2-апрелде кабыл алынган.