Марал Радиосу

Жалал-Абадда турак жайлардын короосун суу каптады

Нөшөрлөгөн жаадын кесепетинен Жалал-Абад шаарында ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо.

Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коргонуу кызматтары тартылып, сел сууларды сордуруп, коопсуз жайга алып чыгуу иштери жүрүүдө.

Кыргызгидромет кызматы 15-16-апрелде туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Ылдый жана төмөн жерлерди суу каптап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат.