Марал Радиосу

Кыргызстанга Кытайдан 50дөн ашык ири компаниянын өкүлдөрү келди

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономдук районунун элдик ѳкмөтүнүн төрагасы Эркин Туниязды кабыл алды.

Жолугушууда президент Кыргызстан Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмунун, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин жана «Борбор Азия – Кытай» форматынын алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктарлыгын билдирди.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу ийгиликтүү илгерилеп жатканын белгиледи.

Эркин Тунияз Кыргызстанга келген делегациянын курамында 50дөн ашык ири компаниялардын өкүлдөрү бар экенин айтты.

Ошондой эле Кыргызстандын Синьцзян-Уйгур Автономдук району менен товар жүгүртүүсүнүн көрсөткүчтөрү өсүп жатканын, соода-экономикалык байланыштарды алдыга жылдыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.