Марал Радиосу

«Кыргызавтожол» ишканасына жетекчи дайындалды

Бакыт Чомоев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.

12-февралда аны ишкананын жамаатына транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев тааныштырды.

Бакыт Чомоев буга чейин аталган ишкананын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.