Марал Радиосу

УКМК Балыкчыда окуучуну сүзгөн милиционерге издөө жарыялады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев издөөгө алынганын 27-январда кабарлады.

Бир күн мурун Балыкчы шаардык милициясынын кызматтык унаасынын катышуусунда болгон жол кырсыгы боюнча шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.

27-январда ички иштер органдарынын кызматкери жана ведомстволук транспорт каражаттары катышкан кылмышты объективдүү иликтөөнү камсыз кылуу максатында, ишти тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлгөн. УКМК Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев издөө жарыялады.

Атайын кызмат Бектур Осмонбаевдин жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кабарлоону өтүнөт.

Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148а дарегине, же 0(3922) 51180 жана 0(555)540052.

ИИМдин маалыматына караганда, 26-январда Балыкчы шаарында өспүрүм кызды автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден автоунаанын айдоочусу качып кеткен. Окуучу реанимацияда экени кабарланууда.

Прокуратура Балыкчыда окуучуну сүзүп кеткен факты боюнча кылмыш ишин козгоду