Марал Радиосу

ИИМдин имаратына өзгөртүлгөн желек илинди (сүрөт)

Бүгүн, 1-январда Ички иштер министрлигинде өзгөртүлгөн тууну көтөрүү салтанаты өткөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Салтанатка ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, генерал-майор Садырбек Дубанаев, министрдин орун басары, генерал-майор Октябрь Урмамбетов баштаган бир катар жетекчилер катышкан.

Ардактуу эс алуудагы генерал-майор Садырбек Дубанаев милиция кызматкерлерин жаңы жылы менен куттуктап, өзгөртүү киргизилген желегибиз желбиреп турушун, эл ичинде тынчтык, мамлекетте өнүгүү болушун каалаган.

Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Бишкектин «Ала-Тоо» аянтына да өзгөтүлгөн туу көтөрүлгөн.

Exit mobile version