Марал Радиосу

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтына өзгөртүлгөн туу илинди

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтына өзгөртүлүп кабыл алынган туу илинди.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Уланбек Примов «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү, туудагы Күн нурларын толкун формасында кылбай түздөп коюуну, чамгаракты төрткө көбөйтүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун жазып чыгышкан.

Долбоор бир катар талаш-тартыштар менен коштолуп, тууну өзгөртүүгө көпчүлүк каршы чыккан.

Маселе Элдик курултайда да көтөрүлүп, мамлекет башчысы ал идея өзүнө таандык экенин айтып, элден колдоо сураган.

Андан соң 20-декабрда Жогорку Кеңеш эки окууну бир өткөрүп, талкуусуз кабыл алып беришип, 22-декабрда Президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон. Мыйзам 26-декабрдан тарта күчүнө кирген.

Exit mobile version