Бакыт Төрөбаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бакыт Төрөбаев бул ишин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына айкалыштырган шартта алып барат.
Анын талапкерлиги макулдашып алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилди.
Айта кетсек, айыл чарба министри кызматын 2021-жылдын 13-октябрынан бери аркалап келген Аскарбек Жаныбеков бүгүн, 25-декабрда Президенттин дагы бир жарлыгы менен ишинен кеткен.