Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Бул тууралуу президенттин аппараты 25-декабрда кабарлады.
Бүгүн өлкө башчы «Министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Максаты, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу, жер ресурстарын башкаруу, кадастр, геодезия жана картография жаатында натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү.
Аскарбек Жаныбеков 2021-жылдын 13-октябрында Айыл чарба министри болуп дайындалган.