Марал Радиосу

Кыргызстанда бир жумада сасык тумоонун 11,5 миң учуру катталды

Кыргызстанда 11-декабрдан 17-декабрга чейин дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук вирусу жана сасык тумоо менен 11 миң 575 адам, ошондой эле COVID-19 инфекциясы менен эки адам катталды.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Андан мурунку жумага салыштырмалуу 43,4 пайызга өсүш бар. Бирок былтыркы жылдын ушул мезгилинен айырмаланып, төрт эсе азайган.

«Коридордо кезек күтүү болбойт». Балдар ооруканасында 8 мобилдик клиника ачылды