Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы өтүүдө. Алгач Айтматовдун «Ата- Бейит» мемориалдык комплексиндеги бейитине гүл коюлду.
Андан кийин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында салтанаттуу иш чара өтүүдө.
Бүгүн ошондой эле Кыргыз улуттук сүрөт-өнөр музейинде «Эргүү булагы» көргөзмөсү ачылат. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Саманчынын жолу» спектакли коюлат.
Кечки саат 19:30да улуттук академиялык драма театрында «Айтматов жана театр» эл аралык театр фестивалынын жабылыш аземи өтөт.