Марал Радиосу

ИИМ: Токтогул ГЭСин кайтарган аскер шеригин атып салып качып кеткен

Токтогул ГЭСин кайтарып жатып, шеригин атып салып, качып кеткен аскер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 20-ноябрь күнү саат таңкы 6:00 чамасында чыккан чатактан улам Токтогул ГЭС каскадынын автобазасында жайгашкан №1 постто кызмат өтөп жаткан катардагы аскер, 2002-жылы Бишкек шаарында туулган Б.У. чогуу кызмат өтөгөн катардагы аскер, 2003-жылы Ош облусунда туулган Т.С.ны атып салып, куралын алып качып кеткен.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган. Ыкчам иликтөөнүн негизинде Б.У.нун Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринде жашынып жатканы аныкталган.

Атайын операцияга ИИМдин жана УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын, ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери катышып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында шектүү бүгүн, 21-ноябрда саат 16:00 чамасында колго түшкөн. Ошондой эле куралы катып койгон жеринен алынган.

Учурда кармалган аскер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Тергөө жүрүп жатат.